Депутат Мирлан Бакиров: «Эмне, быйыл кыш келбейби? Эртеӊ эле кыш келет, ага азыртан даярдык көрүшүбүз керек, а каражат болсо тартыш болуп турат»

20-06-2019 10:39

Каржы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 млн сомдон ашуун карызы бар. Ошондой эле, «Кыргыз турак жай коммуналдык бирлик» ишканасынын да көмүр боюнча миллиондогон карызы бар. Алардын карызын төлөй турган түрү жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериши керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эмне, быйыл кыш келбейби? Эртеӊ эле кыш келет, ага азыртан даярдык көрүшүбүз керек, а каражат болсо тартыш болуп турат. Өкмөт мамлекеттик органдар менен мекемелердин дебитордук карыздары боюнча толук маалымат берсе жакшы болот эле», - деди депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 110

Окшош жаңылыктар