Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында парламенттик демократияны бекемдөө маселелери талкууланды

19-06-2019 19:21

Бүгүн, 19-июнда Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорун талкуулаган жыйын өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик аппараттын кызматкерлери, Өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка тармактык серепчилер катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарышын көзөмөлдөгөн жумушчу тобунун төрагасы, депутат Абдывахап Нурбаев аталган долбоордун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында парламенттик демократиялык багытты күчтөндүрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Коммуникациялык стратегиясы тууралуу маалымат берилип, депутаттар менен шайлоочулар ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоору Кыргызстанда парламенттик демократияны бекемдөөгө багытталган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 448

Окшош жаңылыктар