Жогорку Кеӊеште КТРКнын 2018-жылда жүргүзгөн иши боюнча отчетту эске алуу жөнүндө токтом кабыл алынды

19-06-2019 16:50

Жогорку Кеӊеште Байкоочу кеңештин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши боюнча отчетун эске алуу жөнүндө токтом кабыл алынып, телеканалдын ишин андан ары жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Байкоочу кеңештин башчысы өз баяндамасында «КТРК жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, КТРК коомдук статусу бар мамлекеттик ишкана болуп санала турганын баса белгиледи. «Азыркы учурда КТРК – эӊ ири жана жалгыз корпорация. Ошого карабастан, Кыргызстан санарипке өткөнү телеканалдардын ортосунда атаандаштык күчөдү. Атаандаштар – бери дегенде 50. Бир жагыбызда мамлекеттик бийлик, дагы бир жагыбызда коомчулук турат, теӊсалмакты сактоо кыйын болуп калды. Өз көрүүчүлөрүбүздү сактап калалы, телеканалды чындап эле мыйзамдагы статусуна шайкеш коомдук телеканалга айланталы деген ниетибиз бар, ал үчүн эл өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажбыз», - деди Жыпар Жекшеев.

Андан тышкары, Байкоочу кеӊештин мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөгөндүктөн, КТРКнын контентин толук байкоо жүргүзүп, тереӊ талдоо кылууга кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтты. «Телеканалдардын материалдарына мониторинг жүргүзүү жумушу өтө чоӊ өлчөмдөгү каражатты талап кылат, бизде андай каражат жок. Бул багытта эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», - деп жыйынтыктады өз баянын Жыпар Жекшеев.

Белгилей кетсек, КТРКнын азыркы Байкоочу кеӊешинин курамы 2017-жылдын апрель айында Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланган. Байкоочу кеӊешинин курамы 15 мүчөдөн турат: 5 мүчөсү Президент, 5 мүчөсү Жогорку Кеӊеш, 5 мүчөсү жарандык коом тарабынан сунушталат. Байкоочу кеӊеш отчеттук мехгил аралыгында өзүнүн 12 жыйынын өткөргөн.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 430

Окшош жаңылыктар