Төраганын орун басары Аида Касымалиева Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

19-06-2019 16:21

Бүгүн, 19-июнда Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова жана Евгения Строкова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Аймактык комитетинин жана Европалык аткаруучу кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан жумуштар талкууга алынып, ишке ашырылуучу долбоорлор жана реформалар тууралуу сөз болду.  

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ыраазычылык билдирип: “Бизде ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлорго жана саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү стратегиялык документтерди кабыл алууга ар дайым жардам берип келесиздер. Албетте, бул тармакта кемчиликтер  арбын. Бирок, багытты туура тандоо менен калктын саламаттыгын жакшыртуу аракетин уланта беришибиз керек. Айрыкча, максаттарды коюу менен гана чектелбей алардын ишке ашуусуна да өзгөчө көңүл буруубуз кажет”, – деди.   

Ал эми депутат Аида Исмаилова тармакка тиешелүү айрым көйгөйлөргө токтолуп, саламаттыктык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалардагы кемчиликтерди кеп кылды.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Аймактык комитетинин жана Европалык аткаруучу кеңешинин туруктуу комитетинин өкүлү Люсьен Ликари Кыргызстан менен болгон кызматташтык артыкчылыктуу багытка ээ экенин белгилеп, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып барууга өзгөчө басым жасаларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 378

Окшош жаңылыктар