2019-жылдын 19-июнундагы Жогорку Кеңеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

19-06-2019 15:48

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 2,3-окууда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.18деги № 633 токтом);

- “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 210 токтом);

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.19дагы № 95 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Торокулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров О.М., Турускулов Ж.К.);

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.17деги № 667 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.12.18деги № 637 токтом);

Кабыл алынган Жогорку Кеӊештин токтому:

- “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 687

Окшош жаңылыктар