“Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жолдонду

19-06-2019 14:17

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында  “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов аталган маселени жалпы жыйынга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы жарнама ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртууга, кылка чечмелөөлөрдү жоюуга жана «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын  маркетингин жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

3-окуудагы мыйзам долбоору талкуусуз добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 856

Окшош жаңылыктар