Өкмөт тарабынан “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын жаӊы редакциясы сунушталууда

19-06-2019 12:59

Жогорку Кеӊеште мамлекет менен жеке жана юридикалык жактардын өз ара өнөктөштүк мамилелерин жөнгө салууга, өнөктөштүк мамилелеринин жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана жол-жоболоштуруу мөөнөтүн кыйла кыскартууга багытталган “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Иштеп жаткан мыйзам азыркы замандын жагдайына туура келбей калгандыктан, анын жаӊы редакциясын иштеп чыгуу зарылдыгы жаралган.

Белгилей кетсек, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча алгачкы мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, көп жылдары иштебей келген. Ошондон улам, 2012-жылы кайра жаӊыртылган. Мыйзамдын алдында 8 ченемдик укук актысы иштелип чыгуу менен, анын алкагындагы долбоорлорду каржылоо фонду түзүлүп, атайын программа кабыл алынган. Ушу тапта жалпы көлөмү 166 млн долларды түзгөн 17 долбоор ишке ашырылды, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына тийешелүү 4 долбоор бар.

Мурдагы окуу жүрүшүндө “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын мурдагы редакциясынын алкагында демилгеленген гемодиализ боюнча долбоор ийгиликтүү ишке ашырылганы, ал эми «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай калганы белгиленген. Ошондон улам, мыйзам долбоорун даярдоо жүрүшүндө жетишилген ийгиликтер менен кетирилген кемчиликтер эске алынды.

Ошондой эле, депутаттар мамлекет жеке өнөктөшүн тандоо жүрүмүнө, аткарыла турган долбоордун так аныкталышына, жасалган жумуштун сапатына өзгөчө көӊүл бурушу керектигин айтышкан.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 493

Окшош жаңылыктар