Жогорку Кеӊеш “Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтом кабыл алды

12-06-2019 17:11

Депутат Махабат Мавлянова азыркы учурда атамекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн өндүрүмдөрүн сатуу көйгөйүнө кабылып, чет өлкөлүк импорттоочуларга атаандаша албай келатканын баса белгиледи. «Биздин дыйкандар органикалык өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүүсү зарыл. Экологиялык жактан таза өндүрүмдөргө болгон суроо-талап барган сайын күчөп барат. Келерки 10 жыл аралыгында өлкөнүн айыл чарбасын органикалык өндүрүшкө өткөрсө болот», - деди ал.

Кыргызстандын калкынын 65 пайызы элет жергесинде жашап, алардын күндөлүк турмушу кандайдыр бир деӊгээлде айыл чарба тармагы менен байланышкан. Бирок, барган сайын айыл чарба өнүмдөрүн өстүрүү менен алектенген жарандарыбыздын саны кыскарууда. Муну анын өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнө карата катышынан эле байкасак болот. Мисалы, 1996-жылы айыл чарбасынын үлүшү 43,9 пайызды түзсө, азыркы учурда 15 пайызга да жетпей калды.

Демилгечи Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрү дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата албай, ошондон улам, аларды экспортко чыгарган компанияларда өнүмдөрдүн көлөмүн аныктоо жана сапатын тастыктоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатканын айтты. «Андай көйгөйлөрдөн арылып, органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүү чараларын колго алсак, экологиялык жактан таза өнүмдөрдү өстүрүүгө жол ачылат», - деп кошумчалады Махабат Мавлянова.

Мындай иштиктүү чаралардын натыйжасында айыл чарбасында химиялык заттардын колдонулушу азаят, табигый экотутум корголот, биотүрдүүлүк сакталат, жер алдындагы жана жер үстүндөгү суулар тазарат, экобизнестин өнүгүүсүнө түрткү берет, калктын калыӊ катмары кошумча жумушчу орун менен камсыздалат. Эӊ башкысы, Кыргызстанда өндүрүлгөн өнүмдөр эл аралык рынокто өзүнүн татыктуу ордун таап, ага карата ишеним бекемделет, демек, башка өлкөлөр менен теӊата атаандаша алат.

Депутаттар азыркы учурда өлкөнүн айыл чарбасын органикалык өндүрүшкө өткөрүү өтө олуттуу жана келечектүү, өлкөнүн экономикасы үчүн, анын ичинде жалпы калкыбыз үчүн да, дыйкандар менен фермерлер үчүн да кыйла пайдалуу болорун белгилешти. Алардын пикиринде, Кыргызстандын органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүп, өнүмдөрдүн сапатын жакшыртуу аркылуу эл аралык рынокко чыгуусуна толук мүмкүнчүлүгү бар.

Жыйынтыгында токтом аркылуу Өкмөткө жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге органикалык айыл чарбанын азыркы абалы менен анын келечегине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмалар берилди. Андан тышкары, Өкмөт органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгууга тийиш.

Белгилей кетсек, Органикалык айыл-чарбасын изилдөө институтунун (FiBL) маалыматына караганда, дүйнөдө органикалык айыл-чарбасына бөлүнгөн жерлердин аянты кеӊейүүдө. Мисалы, ал 2016-жылы 58 млн гектарды түзгөн. Ошондой эле, «эко», «био» же «органик» белгилери менен өндүрүлгөн өндүрүмдөргө карата суроо-талап күчөп, аларды сатуунун дүйнөлүк рыногу жылына 90 млрд долларга өскөн.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 145

Окшош жаңылыктар