Укук коргоо органдарынын кызматын модернизациялоого багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

12-06-2019 15:42

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Жаныбек Бакчиев мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде каралып жаткандыгын белиглеп, баяндама жасады.

КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын системасына жүктөлгөн милдеттерди аткарууну жана унификациялоону, оптимизациялоону, укук коргоо органдарына кызматка алууда ачыктыкка жетүүнү, укук коргоо органдарындагы укук коргоо кызматын модернизациялоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кызматка жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү болгондо кызматкерлерди кесипкөй тандоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккандыгына токтолду. Ошону менен катар мыйзам долбоору туура бир жыл мурун 1-окууда кабыл алынганын, андан кийин жаӊы күчүнө кирген кодекстерге шайкеш келтирүү сыяктуу бир катар сунуш-пикирлерден улам дыкатталып иштелип чыккандыгын кошумчалады.

Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, анын ичинде ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, жазаларды аткаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, бажы иштери жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндөгү укук коргоо органдарында саясий кызматтарды ээлеген адамдарга карата жайылтылат.

Бул мыйзам долбоор укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук макамын, аларды социалдык жактан камсыздоонун кепилдиктерин аныктайт.

Талкууда депутат Аида Исмаилова укук коргоо органдарынын жөнөкөй кызматкерлеринин социалдык абалына көӊүл бурууга чакырды. Башка бир катар эл өкүлдөрү 30-40 жыл ушул тармакка өмүрүн арнап жүрүп, үйгө жетпей жүргөн орган кызматкерлери бар экенин айтып, мыйзам долбоорунда мындай жагымсыз жагдайлар дагы эске алынгандыгы боюнча жооп алышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 213

Окшош жаңылыктар