2-июлда "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу өтөт

02-07-2019 10:20

Депутаттык жумушчу топ тармактык комитет менен бирдикте 2019-жылдын 2-июлунда саат 11.00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жер, Токой кодекстерине, «КР Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт.

Өлкөбүздүн айыл чарбасына жер маселелери боюнча жана агрардык реформа жасоо жылдарында чарба жүргүзүүнүн жана жекече-укуктук формада иш-аракет кылуунун  жаңы формаларын издөө аракеттеринде татаал өткөөл мезгилди басып өттү. Жер маселелери боюнча жана агрардык реформа, айрыкча, анын баштапкы этабы  тажрыйба, мыйзамдык база, ченемдик документтер болбогон шартта жүзөгө ашырылды.

Реформа шашылыш түрдө, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынбастан жүргүзүлдү. Көп жылдар бою калыптанган үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кеткен. Анын натыйжасында үрөнчүлүк тармагы жана асыл тукумдаштыруу иши түп тамырынан жок кылынды. Мурунку админстративдик-бөлүштүрүүчү органдар жана тейлөөчү айыл чарба уюмдары жоюлган, бирок ошол эле убакта агрардык сектордо экономиканын азыркы рынок шарттарына туура келүүчү жаңы механизмдери түзүлгөн жок. 

Бүгүнкү күндө жер маселелери боюнча жана агрардык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында   өлкөнүн айыл чарбасында чакан айыл чарба өндүрүшү  калыптанды. КР Улуттук статистикалык комитетинин 2017-жылга карата маалыматы боюнча республикада 420 миңден ашуун дыйкан (фермердик) чарба болгон. Алар айыл чарбасындагы бардык  чарбакер субъекттердин 99,9%ын түздү. Ал чарбаларда 540 миң адам иш менен камсыз болду. Мында чарбалардын басымдуу бөлүгүнүн (83,1%) жер үлүштөрүнүн өлчөмү 0,2 га, 15,3%ыныкы – 2,8 га, 0,8%ыныкы – 13,4 га, 4%ыныкы – 68 га болгон. Биздин агрардык сектор аракет кылуунун чакан контурдук ыкмасына негизделген. Анда прогрессивдүү технологиялар илимий негизделген түрдө киргизилбейт жана жерге которуштуруп себүү сакталбайт.

Натыйжада айыл чарбасынын азыркы абалы  заман талаптарына жооп  бербейт. Бул тармактын натыйжалуулугу жана рентабелдүүлүгү төмөн бойдон кала берүүдө. Бул көйгөйдүн чечилиши үчүн талап кылынган маселелер көп. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайындагыга караганда 3 эсеге, курулуш секторундагыга караганда 8 эсеге, соода-сатыктагыга караганда 6 эсеге төмөн.

Сунушталган мыйзам долбоору жер пайдалануу, токой чарбасы, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин конкреттештирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин веб-сайтына 2019-жылдын 20-майында жайгаштырылган. http://kenesh.kg/ru/article/show/5389/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-20-maya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki-zemelyniy-lesnoy-kodeksi-kirgizskoy-respubliki-zakoni-kirgizskoy-respubliki-o-vvedenii-v-deystvie-zemelynogo-kodeksa-kirgizskoy-respubliki-ob-upravlenii-zemlyami-selyskohozyaystvennogo-naznacheniya-o-pastbishtah-o-mestnom-samoupravlenii-o-veterinarii-o-karantine-rasteniy.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш түйүнү: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, электрондук дарек: atanbekovaa@mail.ru.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6688

Окшош жаңылыктар