ЖАҢЫЛЫКТАР 30.05.19.

30-05-2019 09:02

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңеште Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын бешинчи жыйыны өтөт. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин парламент өкүлдөрү катышып, жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туруктуу пайдалануу чараларына байланышкан маселелерди талкууланмакчы.

Ар кандай маселелер” саатынан старт алчу парламенттин бүгүнкү, 30 – майдагы жыйынында “Өкмөттүк саат” да өтөт. Анда “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы каралат.  “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да талданмакчы.  “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат.  

Жогорку Кеӊештаги “Кыргызстан” фракциясынын курамы жаңы депутат менен толукталды. Ал “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келген Айнура Аскарова. Кечээки парламент жыйынында ал салтанаттуу түрдө ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришти.

                          СНХ.А.АСКАРОВА

Баткен областынын Баткен районундагы Ак- Сай айылынан Тамдык чек ара заставасына  чейинки жолдун курулушун тездетүү тапшырмасы Өкмөткө табышталса да, эмдигиче иш ордунан жыла элек. Техникалар турат. Кыбыраган жан жок. Болбосо, бул кечиктирилгис шартта аткарыла турган жумуш болчу, - дейт Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов комитет жыйынында.

                          СНХ.И.ПИРМАТОВ

Ошол эле чек ара аймагында турган айылдардын абалы менен жеринде таанышып келген депутат Жылдыз Мусабекова дагы парламенттин кечээки жыйынында аталган темага кайрылып, өкмөттүн чек ара жаатындагы маалыматтарын угууну талап кылды.

                         СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Чек ара маселеси чукул чечиле турган чиелүү суроо болуп жаткан соң, кандай да болсо каражатты ошол тарапка таап, жумшоо керек. Бул жаатка келгенде кетенчиктеп калууга болбойт, - деген депутат Абдывахап Нурбаев Өкмөт берилген тапшырмаларды аткара албаса, анда анын иш милдети менен ишин улантууга болгон укугун карап көрүү керек, - деп маселе көтөрдү.

                        СНХ.А.НУРБАЕВ

Өкмөт биринчи кезекте чек ара маселесине каражат таппаса болбойт. Башкалар күтүп турса болот. Бирок, чек араны бекемдөө иши күтпөйт, - деген депутат Каныбек Иманалиев, - “Бажага табылган акча, Баткенге табылбайбы?” – деп суроо койду.

                       СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Чек арадагы айылдардын элин медициналык жактан тейлөөгө, - деп кайра – кайра кайталап жүрүп араң жеткен “тез жардам унаасы” жасалма болуп чыкты. Көрсө аны Ош областынын Кара - Суу районунан алып, жылмалап жолго салышкан. Ушундай көз боёмочулуктардан качан кутулабыз? – деп чындыкты издеген депутат Карамат Орозова болду.

                      СНХ.К.ОРОЗОВА

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 – майда жаан – чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+30...+35, Талас: +29...+34, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+32...+37 градус ысык болот. Ысык – Көл:+21...+26, Нарын:+22...27 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – майда жаан – чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +32...+34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар