ЖАҢЫЛЫКТАР 29.05.19.

29-05-2019 09:06

Бүгүн, 29 – майдагы жыйынында парламент “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууга карайт. . Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Айнура Аскарованын ант берүүсү болот. “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомуна кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кечээки жыйынында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Эркинбек Чодуевдин кандидатурасын карады. Талапкердин таржымалы менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Суроо-жооп, талкуунун жыйынтыгында КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Э.Чодуевдин талапкерлигин жактыруу чечими кабыл алынды.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндөгү  Байкоочу кеңештин отчётун угуп, маалыматтар эске алынсын, - деген корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.  

Телекөрсөтүүлөрдүн сурдокотормочулардын жардамы менен эфирге чыгуусун талап кылган депутат Д.Бекешовдун сунушун эске салган тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова  КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 2018 – жылдын отчету дагы деле болсо 2015 – 2016 – 2017 – жылдардагы отчеттордон айырмаланбастыгын айтып, эсептик элементи эле өзгөрбөсө, мазмундук жагынан жаңылык таба албагандыгын билдирди.

                         СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Жарнамалоонун кыйыр түрлөрү орун алып жатканын кантип билсе болооруна депутат Алмазбек Токторов кызыкты.

                        СНХ.А.ТОКТОРОВ

Депутат Аида Исмаилова КТРК аркылуу кетип жаткан дары – дармектерди рекламалоодон түшкөн кирешелерге кызыкты. Ошондой эле жарнамаларды жайгаштырууда, иш кагаздарынын текшерилиши кандай тартипте жүргүзүлөөрүн тактады.

                        СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Садык Шер – Нияз КТРК жеке телеканалдар менен тең тайлашып иштейт. Бирок, Өкмөт бирине боор тартып, жеңилдик берип, калгандарынан салыкты жакшы эле алып жатканда жарнактардын баасында айырмачылык болушу керекпи? Эгер андай болбой калса, анда ал коррупция болуп калабы? – деген  суроолорго жооп күттү.  

                       СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

Ар бир аткарылган иштерге коротулган каражаттардын эсеп – чотун кага турган аудиторлук анализ кандай жыйынтыктарга алып келүүдө? Бул суроонун жообун депутат Альфия Самигуллина талап кылды.

                       СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Депутат Тазабек Икрамов телепрограммалардын позитивге көбүрөөк ыкташы керектигин айтып, негативден оолак болбосок, көрүүчүлөрдүн, анын ичинде жаш муундардын психикасын негативге толтуруп албайбызбы? – деп чоочулады.

                      СНХ.Т.ИКРАМОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-майда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+28...+33, Талас: +27…+32, Ош, Жалал – Абад, Баткен: + 30…+35 градус ысык болот. Ысык-Көл:+20...+25, Нарын:+ 21…+26 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 29 – майда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +31…+33 градус ысыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 199

Окшош жаңылыктар