ЖАҢЫЛЫКТАР 28.05.19.

28-05-2019 09:05

Бүгүн, 28 - майдагы  Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Көмүр өнөр-жайы жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2018-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2019-2020-жылдарга максаттары тууралуу” мыйзам долбоору да талкууланат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-3-фазасын жергиликтүү бийликке тапшырганда туура болмок. Себеби, айрым автоунаалар катталган жарандарды таап кайра каттатууга туура келүүдө. Буга Өкмөт жардам бериши керек, - дейт

депутат Алтынбек Жунус уулу. Ошондой эле ал “Буга чейин трассада саатына 90км, калктуу конуштарда саатына 60км деген эки эле ченем болсо, эми ошол айланып өтмө жолдорго саатына 110км ченемди кабыл алуу керек. Ал эми саатына 40 км деген ченемдин саат канчага чейин жарактуулугун кайра карап чыгуу зарыл”, - деп сунуштады.

                        СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

“Өнүгүү - Прогрес” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жол кыймыл эрежелерин бузууларга салынган айыппулдардын жөнөкөй элдин маянасына туура келбей жатканын айтып, фракция тарабынан мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгын маалымдады. Анда айыппул төлөө мөөнөттөрү такталып, ошого жараша өлчөмдөрү да белгиленүүдө.

                        СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорунун чегинде Өкмөт башчынын тапшырмасы менен айыппулдардын өлчөмүн кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат.

                        СНХ.И.САРКУЛОВ

Депутат Абдыкапар Султанов айыппулдарга элдин чөнтөгү чак келбегендигине токтолуп, өзгөчө айыл жергесинде жашагандар үчүн кыйынга туруп жаткандыгын айтты.

                       СНХ.А.СУЛТАНОВ

Токтогул районундагы 33 миӊ гектар жер кезегинде суу сактагычка берилип кеткен. Ошондо 43 миң адам  башка жерге көчөрүлгөндөн улам, аларга атайын компенсация каралып, Токтогул районунун атайын фонду түзүлгөн эле. Жыл сайын ага бюджеттен 70 млн. сом которулуп турганы менен, фонддун тегерегинде айтылган нааразычылыктар токтобой келет. Бул темага депутат Мирлан Бакиров кайрылды.

                      СНХ.М.БАКИРОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-майда Ысык-Көл, Нарын областтарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен: + 27…+32, Талас: +26…+31 градус ысык болот. Ысык-Көл:+16...+21, Нарын:+ 17…+22 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 28 – майда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 29…31 градус ысыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 195

Окшош жаңылыктар