ЖАҢЫЛЫКТАР 20.05.19.

20-05-2019 08:36

Бүгүн, 20 – майдагы олтурумунда  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да талкууга коюлмакчы.

“Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” илимий-практикалык конференциянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар менен депутат К. Иманалиев тааныштырат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө да сөз болот.

“Жерүй” кенин иштетүүдө алынган продукция 1984 – жылы 81, 2017 – жылы 56, айрым учурда 105 килограммдан ашык, кайра 50 кг алтынды түзүп, улам өсүшкө эмес, өксүүгө кетип жаткан мындай көрсөткүчтөргө эмне себеп? Ушундай көлөмдү текшерип турган лабораториялардын жыйынтыгы канчалык ишенимдүү жана Кыргызстан канча килограмм  алтын үчүн өз атын булгабай сактай алат? – деген суроолордун жообун депутат Зарылбек Рысалиев өкмөттөн талап кылды.

                         СНХ.З.РЫСАЛИЕВ  

2014 – жылы электр энергетикасынын акысына байланыштуу кабыл алынган орто мөөнөтүү тарифтик саясатты кайра карап чыгуу керек. Себеби, ал мөөнөт эбак соңуна чыккан, - дейт депутат Аида Исмаилова “Республика – Ата - Журт” фракциясынын жыйынында.

                        СНХ.А.ИСМАИЛОВА

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол боюнда радарлар орнотулган. Андыктан, андай жерлерде МАИ кызматкерлеринин турушу зарыл эмес. Бул талаптарды санаган депутат Марлен Маматалиев, - “Буга мөнүздүү болгон мисалдарды Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы жагымсыз көрүнүштөр тастыктайт”, - дейт.

                        СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Депутат Тазабек Икрамов жарандардан келген кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдарга тиешелүү болуп жаткандыгын айтты. Ошондуктан, Өкмөт айыппулдардын көлөмүн кайра карап чыгууну  колго алышы керек, - дейт.

                       СНХ.Т.ИКРАМОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-майда Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жааган жаан карга айланат. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+25...+30, Талас: +23...+28, Ысык-Көл:+16...+21, Нарын:+14...+19 градус жылуу болот.  Ош, Жалал-Абад, Баткен:+26..+31 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 20 – майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9  метрге чейин жетет. Абанын температурасы +27...+29 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 65

Окшош жаңылыктар