ЖАҢЫЛЫКТАР 17.05.19.

17-05-2019 08:56

Бүгүн, 17 – майда  КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жер саясатындагы кырдаал талкууланат. Жер ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү органдын түзүүнүн максаттуулугу талданат. Жыйынга Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов катышат.

“Республика – Ата - Журт” фракциясы бүгүн, 17 – майда өтүүчү олтурумунда Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу жана энергетика тармагынын учурдагы абалы,  көйгөйлөрү жана өнүктүрүү жолдору жөнүндөгү маселени карайт. Талкуу жүрүшүн “Парламент” радиосунан уксаңыздар болот. 

Жогорку Кеӊештин кечээки, 15-майдагы жыйынында мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Анын курамында КСДП фракциясынан Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, «Кыргызстан» фракциясынан Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» фракциясынан Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов иш алып барышмакчы. Эми алар бир айдын ичинде иштин иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Эки жылдан бери колдонуп жаткан чиптүү жаңы паспорттордогу  сыр маалыматтарын тактоо талап кылынганда айрыкча элет эли убара тартышууда. Анткени, аны окуй турган жабдуулар жер – жерлерде орнотулган эмес. Алтургай, андай жабдыктар банктарда да жок экен. Мындан улам, жарандар айласы кетип Бишкек шаарындагы атайын борборго кайрылууга аргасыз, - дейт депутат Улугбек Ормонов. 

                       СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Элвира Сурабалдиева, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени көчө боюндагы жол кайгуул кызматчылары азая баштагандай болгону менен, дагы деле  жолдон тосуп, жолоочулардын убактысын алган учурлардын жолугуп жаткандыгын айтты. Көрсө, айдоочулардын ичкилик ичкен - ичпегенин аныктоону шылтоо кылгандар алыс жолдо жайгашкан станционардык наркологиялык мекемеге  барууга багыт беришет экен, - дейт эл өкүлү.

                       СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Жол коопсуздугу боюнча айып пулдардын өлчөмү өтө жогору болуп жаткандыгы чын. Аны калктын азыркы социалдык абалы көтөрө албайт. Эгер мындай көрүнүш калыптана берсе, элге кыйын борорун айткан депутат Кожобек Рыспаев, - “Айып салаардан мурда тийиштүү шарттар түзүлүп, андай кийин чара колдонсо болот”, - деди кечээки парламент олтурумунда.

                       СНХ.К.РЫСПАЕВ

Ошол эле “Коопсуз шаар” долбоорундагы жол эрежелерин бузуудагы айпыпулдар темасын улаган депутат Уланбек Примов, - “Айыппулдар унаанын расмий катталган ээлерине келип жаткан көрүнүш жоюлган жок. Ошондуктан,  автоунааларды кайра каттатуу боюнча иш-чаралар көрүлүшү керек”,- дейт.

                       СНХ.У.ПРИМОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ 

Бүгүн, 17-майда өрөөндүү райондордо жаан – чачын күтүлбөйт. Ал эми бийик тоолуу райондордо күн күркүрөп, жааган жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +22...+27, Ысык-Көл, Нарын:+20...+25 градус жылуу болот.  Ош, Жалал-Абад, Баткен:+26...+31 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 17 – майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14  метрге чейин жетет. Абанын температурасы +25...+27 градус жылуу болот.

                

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 106

Окшош жаңылыктар