Депутат Айнуру Алтыбаева Молдова Республикасынын депутаттар тобу менен жолугушту

16-05-2019 17:16

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Молдова Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакалардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери тууралуу сөз болду.

Депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстан Молдова Республикасы менен болгон ар тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, парламенттердин тыгыз мамилеси өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Айнуру Алтыбаева баштаган депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү  интернат тибиндеги балдар мекемелерин, социалдык коргоо системасын реформалоо жана ннклюзивдик билим берүү ыкмасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында Молдова Республикасында иш сапар менен жүрөт.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы    

Көрүүлөрдүн саны : 634

Окшош жаңылыктар