Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демөөрчүлүгү менен “Жаш мугалим – 2019” сынагы өттү

16-05-2019 14:57

Жогорку Кеӊештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси менен жаш мугалимдерди колдоо, кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы "Жаш мугалим - 2019" кароо-сынагын уюштурду. Депутаттын каржылык демөөрчүлүгү менен өткөн кезектеги сынак бир нече этаптардан туруп, финалдык жана сыйлыктарды тапшыруу бөлүгү 2019-жылдын 15-майында болду. Сынакка адаттагыдай эле окууну жаңы бүткөн жана эмгек стажы 3 жылдан ашпаган мугалимдер катышты.

Финалдык бөлүгүнө өткөн 7 жаш мугалим ат салышып, алар ардактуу кесиптерин даңазалоо менен, педагогикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү. Катышуучуларды ар тараптуу түзүлгөн калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөр аныкталды.

Натыйжада баш байгенин жеңүүчүсүнө сынактын кубогу тапшырылып, бардык катышуучуларга Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Ош шаардык мэриясынын грамоталары ыйгарылып, жеңүүчүлөр алган орундарына жараша акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Депутат аталган иш-чара дагы да улантыларын белгилеп: “Биздин максат орто билим берүү мекемелеринде эмгектенген жаш кадрларды шыктандыруу, кесибине кызыгуусун арттыруу болгондуктан, дайыма кызматташып, колдоого алууга даярбыз”, – деди.

Белгилей кетсек, “Жаш мугалим – 2019” сынагы быйыл экинчи ирет өтүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 736

Окшош жаңылыктар