2019-жылдын 16-майында Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

16-05-2019 14:39

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3- окууда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ:

- “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.02.18деги № 93 токтом);

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.19дагы № 32 токтом);

- “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.04.19дагы № 176 токтом);

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Кыдыралиев У.Т., Байбакпаев Э.Ж., Маматов А., Келдибаев С.А., Каримов Н.Т., Турускулов Ж.К., Жутанов А.Т., Кулбараков А.И., Султанов А.М., Турусбеков Б.С., Джураев С.М., Масабиров Т.А.);

КАБЫЛ АЛЫНГАН ЖОГОРКУ КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ:

- “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021 – 2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.05.18деги № 229 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1472

Окшош жаңылыктар