“Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү жѳнүндѳ” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды

16-05-2019 11:39

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору аракеттеги мыйзамдагы кемчиликтерди жоюуга багытталган. Мыйзам долбоордун милдети болуп «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамды өркүндөтүү болуп эсептелет. Азыркы убакта «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзам толук көлөмдө ишке ашырылбай жаткандыктан, мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылчылыгы турат. Анткени аракеттеги мыйзамда төмөнкү тартиптерди белгилөө боюнча ченемдер камтылган эмес:

- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында мамлекеттик реестрди киргизүү;

- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерге квалификациялык сертификат берүү;

- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү.

Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесинде сунушталган түзөтүүлөр имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдарды толук көлөмдө аткарууга олуттуу түрткү болоору белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 433

Окшош жаңылыктар