Депутат Марлен Маматалиев: «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол боюна коюлган радарларга жакын жерде МАИ кызматкерлери турбашы керек»

16-05-2019 11:19

 Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер саатында» бир катар эл өкүлдөрү «Коопсуз шаар» долбоору боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты.

Депутат Тазабек Икрамов жарандардан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдардын көлөмү өтө көп болуп жаткандыгы боюнча арыздар көп келип жаткандыгын Өкмөттүн астына коюп, айыппулдардын көлөмүн кайра карап чыгууну сунуш кылды.

Мындай көйгөйдү бир нече жолу элдин атынан көтөрүп келе жаткан депутат Кожобек Рыспаев буга чейин жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдарды төлөөнүн көлөмү 20%ды гана түзгөндүгүн айтып: «Мындай темп менен бара берсек туӊгуюукка такалабыз. Андыктан, айыппул көлөмүн азайтуу керек. Жол коопсуздугунун эрежелерин толук сактоого шарт түзүлгөн эмес»,- дейт.

«Коопсуз шаар» долбоорундагы жол эрежелерин бузуу боюнча айпыпулдардын көлөмүн кайра карап чыгуу зарыл. Ал эми айыппулдар унаанын каттаган ээлерине келип жаткан көрүнүш боюнча автоунааларды каттатуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар көрүлүшү керек»,- дейт депутат Уланбек Примов.

Депутат Марлен Маматалиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол боюнда радарлар орнотулгандыгын, бирок ошол радарлардан 100 метр өтпөй эле МАИ кызматкерлери өздөрүнүн радарлары менен тургандыгын маалымдап, буга Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы жагымсыз көрүнүштөрдү мисалга тартты. Эл өкүлүнүн айтымында, долбоорго ылайык, радар орнотулган жерлерде МАИ кызматкерлери болбошу зарыл. Ошондой эле М.Маматалиев долбоор иштеп баштаган айрым жерлерде тиешелүү жол белгилери жоктугун же талаштуу болуп орнотулуп калгандыгын айтып, дегеле жол белгилерин кайра карап чыгуу керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы  

Көрүүлөрдүн саны : 179

Окшош жаңылыктар