ЖАҢЫЛЫКТАР 16.05.19.

16-05-2019 08:32

Бүгүн, 16 – майдагы олтурумун парламент адаттагыдай эле Ар кандай маселелер” саатынан баштайт.  “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат.  “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” мыйзам  долбоору экинчи окууга чыгарылат.  

Ташкент – Балыкчы темир жол каттамы ишке ашып, туристтердин агымы артат, - деп турабыз. Бул жакшы. Бирок, темир жол транспортторун заманбап шартта жаңылай алдыкпы? Алыскы мамлекеттерди албасак да, коңшуларды карап жаңыланууга жан үрөбөйлүбү, - деген чакырыкты таштаган депутат Акылбек Жапаровдун салыштырууларына караганда, тез ылдамдыкта жүрүүчү поездге өтүү убактысы келди.

                        СНХ.А.ЖАПАРОВ

Региондордо коюлуп жаткан видеокөзөмөл борборлоштурулган системада иштеши керек. Айрыкча эс алуу жайларындагы видеожабдыктар келген туристтердин коопсуздугун камсыздоого салым кошмок, - дейт депутат Марлен Маматалиев.

                       СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Көгүлтүр көлдүн көркүн арттыра турган архитектуралык стилдин айрым элементтерине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу азырынча эртелик кылат деген пикирлер айтылууда. Бул Балыкчы шаарынын киреберишиндеги кеме тибиндеги дарбазага тиешелүү.

                       СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Балык чарбасынын өнүгүү тенденциясы жакшы нукка түшүп калды. Болжол менен бул багытта алектенген 800дөй чарба иштеп жатат. Эгер мындай чарбалар өнүксө, жайыттарды деградациядан сактап калууга болот - дейт депутат Мирлан Бакиров Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

                      СНХ.М.БАКИРОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-майда өрөөндүү райондордо жаан – чачын күтүлбөйт. Ал эми бийик тоолуу райондордо күн күркүрөп, жааган жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +24...+29, Ысык-Көл:+18...+23, Нарын:+15...+20 градус жылуу болот.  Ош, Жалал-Абад, Баткен:+27...+32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 16 – майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +27...+29 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 28

Окшош жаңылыктар