ЖАҢЫЛЫКТАР 15.05.19.

15-05-2019 08:42

Бүгүн, 15 – майда Жогорку Кеңеш “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда карайт. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талданмакчы.

Кыргызстандын башкы приоритетин аныктоодо туризмди тандасак эч адашпайбыз. Ошондуктан, жөнү жок кен байлактарга тийишпей, туристтик сервисти жакшыртууга артыкчылык беришибиз керек. Кезегинде Калыгул олуя дагы кыргызга кыйын кез келсе абалдан чыгууга көл көмөкчү болот, - деп бекер айтпаптыр, - деген тарыхтын тастыктамаларына кайрылган депутат Акылбек Жапаров болду.

                      СНХ.А.ЖАПАРОВ

Ысык – Көлдөгү эс алуу жайлары жайкы мезгилде ашып кетсе 3 ай иштеп, жылдын калган 9 айы дээрлик бош турат. Ушул жагдайды жөнгө салып, туризмдин медициналык багытын өнүктүрүү керек. Бул жагынан Корея менен Түркиянын тажрыйбалары үйрөнүүгө татыктуу. Бизде да андан ашса ашып, эч кем калбаган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү, - дейт депутат Эмиль Токтошев.

                     СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Кара – Балта – Бишкек жолунун курулушу канчага созулат? Бул суроого жооп күткөн депутат Тынчтыкбек Конушбаев, - “Жол тыгынын пайда кылган көрүнүш 3 жылдан бери жолоочуларды жүдөтүп бүттү. Техникалар турат. Иштеген киши жок”, - дейт тармактык комитеттин олтурумунда.

                     СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

Балыкчы – Корумду жолунун башталган иши азыркыга чейин ташталган бойдон турат. Мындай абал ордунан качан жылат? – деп суроо жолдогон депутат Алтынбек Жунус уулу жылдар – жылдарга уланса да берилген убадалардын унуткарылып жаткандыгын сынга алды.

                   СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ 

Бүгүн, 15-майда өрөөндүү райондордо жаан – чачын күтүлбөйт. Ал эми бийик тоолуу райондордо күн күркүрөп, жааган жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +24...+29, Ысык-Көл:+19...+24, Нарын:+16...+21 градус жылуу болот.  Ош, Жалал-Абад, Баткен:+27...+32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 15 – майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +26...+28 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 46

Окшош жаңылыктар