ЖАҢЫЛЫКТАР 14.05.19.

14-05-2019 08:48

Бүгүн, 14 – майда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет кезектеги жыйынында “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Автомобиль транспорту жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр болсо биринчи окууга чыгарылмакчы.

КР Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоору кечээки тармактык комитетте жактырылды. Келишимдин алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстан салыктык мыйзамдарындагы жалпы ыкма иштелип чыгат.

Жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Статистикалык маалыматтар боюнча кышкы туристтик мезгилде ички жана тышкы туристтерди кошкондо, Каракол шаарына 2017-жылы 24300 адам келген. 2018-жылы кышкы туризмден түшкөн салыктардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Ушу тапта илимий көз карашка негизделген Ысык-Көл аймагында жерди райондоштуруунун башкы планы иштелүүдө. Бул багытта депутаттар тарабынан демилгеленип жаткан “Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун  Бюджет жана финансы боюнча комитет кечээки жыйынында карады.

                           СНХ.М.САБИРОВ

Кышкы туризмге арналган токтом долбоорунун кийинкиге жылдырылышы боюнча чечимди колдой турганын айткан депутат Төрөбай Зулпукаров ар бир эсеп-кысап так аныкталышы керектигин белгиледи.

                          СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

“Кыргызсүт” долбоору иштелип чыгууда. Анын артыкчылыгы элет тургундарынын киреше табуу булагын кеңейтүүгө арналгандыгын “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымдады.

                         СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Мигранттардын агымы арбып жаткан азыркы абал барган сайын катаалдашып барат. Анткени, мигранттардын балдары туугандарынын колунда калса да, кордукка кабылган учурлар азайган жок. Мындай социалдык чыңалган жагдайдан чыгуунун кандай механизмдерин иштеп чыгып, тажрыйбалоо керек? – деген суроого депутат Ирина Карамушкина Балдар кодексин талкуулаган тегерек стол жыйынында токтолду.

                        СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Балдардын жагдайын карап, мониторинг жүргүзүп туруу үчүн адистердин кыдыруусуна транспорт, каражат дагы каралган эмес. Ал эле эмес адистердин тейлөө аймагы да өтө кеңири болуп, 1 адистин 140 миң калктын социалдык жагдайын иликтөөгө алышы кыйла түйшүктү жаратууда, - деди ошол эле тегерек стол жыйынына катышкан КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров.

                       СНХ.У.КОЧКОРОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ 

Бүгүн, 14-майда жаан – чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй, Талас: +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+26...+31, Ысык-Көл:+16...+21, Нарын:+17...+22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14 – майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +26...+28 градус болот.

                

 

Көрүүлөрдүн саны : 40

Окшош жаңылыктар