ЖАҢЫЛЫКТАР 13.05.19.

13-05-2019 08:35

Бүгүн, 13 – майда Бюджет жана финансы боюнча комитет кезектеги жыйынында  “2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карайт. Ошондой эле депутаттар Максат Сабиров,Кенжебек Бокоев, Алтынбек Жунус уулу, Эльвира Сурабалдиева, Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленип жаткан “Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу” Жогорку Кеңештин токтом долбоору да талданмакчы.            

Депутат А.Касымалиева улуттун картаюу процессине байланыштуу келечектин көрсөткүчтөрүнө кайрылып, калктын картаюу процесси 2030 – жылдары сезиле баштайт, - дейт. Бул алдын ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгы.

                      СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

“Улуттун көбөйүшү жакшы. Болгону сапаты да талаптагыдай болушу шарт. Анткени, азыркы тапкан орточо маяна менен 10 чакты балалуу болуп, аларды багуу кыйла татаалдыгын турмуш көрсөтүүдө. Ошондуктан үй – бүлөнү туура пландаштыруу зарыл”, - дейт депутат Садык Шер – Нияз.

                     СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

Союз тарагандан бери медициналык статистика дээрлик жокко эсе. Мындай пикирин депутат Алмазбек Токторов ортого салды. Ошондой эле ал, - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны азыр 30 миңге чамалап калгандыгы кабырга кайыштыраарына токтолду.

                    СНХ.А.ТОКТОРОВ

Мамлекет казынасынын дээрлик жарымынан көбү социалдык тармакка жумшалат, - деп айтылганы менен бул сферада иштеген мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктары алымсындырбаган абалда. Анан кантип, алардан иштин натыйжасын талап кылабыз? Жемкорлуктан коргоп калуунун дагы кандай ыкмасын тапса болот? – дейт депутат Альфия Самигуллина.

                   СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ 

Бүгүн, 13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар себелейт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+22...+27, Талас:+21...+26, Баткен:+27...+32, Ош, Жалал-Абад:+25...+30, Ысык-Көл:+16...+21, Нарын:+17...+22, бийик тоолуу райондордо +3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13 – майда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +24...+26 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 105

Окшош жаңылыктар