Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Жеӊиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты

09-05-2019 11:31

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеӊиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты. Салтанаттын алкагында Жеӊиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбарлар коюлду.

Расмий иш-чарадан соӊ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган расмий өкүлдөр Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери менен бирге аскердик талаа ашканасына чакырылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2543

Окшош жаңылыктар