ЖАҢЫЛЫКТАР 08.05.19.

08-05-2019 08:33

Бүгүн, 8 – майдагы жыйынында  Жогорку Кеңеш Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да үчүнчү окууга чыгат. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021 – 2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланат. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да талданмакчы.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын «Жарандардын  репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү» 2015 - жылдын 21-майындагы мыйзамынын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү маселесин карап, маалыматтарды эске алды. Бул багытта баяндама жасаган депутат Аида Касымалиеванын белгилешинче, балдарынын жаш курагы боюнча 1 жашка жетип – жетпеген аралык жалпы төрөт көрсөткүчүндө 9% деңгээлинде сакталып калууда. “Мындай абал энелердин саламаттыгына терс таасир этип, энелер арасындагы өлүм эсебинин көбөйүшүнө себепчи болууда. Союздун убагында эненин организмди чыңдап алуусу үчүн 3 жылдык мөөнөттү сактоо репродуктивдүү укуктардын туура колдонулган ыкмасы болчу”, - деген негиздерге токтолгон демилгечи депутат профилактикалык иш чараларга олуттуу маани берилиши керектигин да айтты.

                      СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Супер – марткеттерде сатылып жаткан азык – түлүктөрдүн сапаты азыр абдан тынчсызданууну жаратууда. Ден соолукту коргоодо бир гана медицинанын милдети, - деп түртө салды мамиле жарабайт, - деди депутат Алмазбек Токторов.

                     СНХ.А.ТОКТОРОВ

Депутат Аида Исмаилова репродуктивдүү ден соолукту чыңдоого келгенде эл аралык уюмдардын колдоосу чоң болуп жаткандыгын билдирип, бирок ал каражаттардын элге жардамы сезилерлик тийбей, көбүнчөсү консультанттарды кармоого кетип жаткандыгына нааразы болду.

                    СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Ден соолуктун айынан Индияга, Түркияга барып жаткан жарандарыбызга жасалуучу операциялар ачык – айкын жүргүзүлсө, Италияга жөнөтүлүп жаткан жаш балдар экспериментке курал болуп калбашы керек, - деген тынчсыздануусун депутат Тазабек Икрамов билдирди.

                   СНХ.Т.ИКРАМОВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар себелейт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+23…+28; Ысык-Көл:+14...+19, Нарын:+15…+20; бийик тоолуу райондордо 0…+5 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен:+ 26…+31 градус ысык. Бишкек шаарында бүгүн, 8-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 25…27 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 61

Окшош жаңылыктар