ЖАҢЫЛЫКТАР 07.05.19.

07-05-2019 09:41

Бүгүн, 7 – майда “Кыргыз Республикасында геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу болот. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары: Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков. Талкуу “Парламент” радиосу аркылуу түз уктурулат.

100 мектеп “Жерүй” алтын кен долбоорунун алкагында курулмак. Бирок, ал тизмеге кирген Талас облусундагы эки мектеп эмдигиче бүткөрүлө элек. Бул көрүнүштү сынга алган депутат Тариел Жоробеков болду.

                          СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ

 “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзам биринчи жолу 1994-жылы кабыл алынган. Мындай кадам аркылуу мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигин көз карандысыз жана өз алдынчалуулук принциптери менен камсыздоо ишке ашкан. Тактай келгенде, статистика органдары аткаруу бийлигинин курамынан чыгып, КР Өкмөтүнө караштуу Статистика боюнча мамлекеттик агенттик болуп түзүлгөн. Кийин ал Улуттук статистика комитетине айланган. Эми болсо “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталууда. Аны Бюджет жана каржы комитети кечээки олтурумунда карап, экинчи окууда жактырды. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов ушу тапта бир дагы нерсе такталган статистикалык маалыматка ээ эместигин белгилеп, Улуттук статкомдун төрагасына суроо жолдоду.

                          СНХ.С.НЫШАНОВ

Соттуулугу тууралуу маалым-кат алуу боюнча 2 жыл мурун демилгеленген мыйзам долбоору бүгүнкү күнгө чейин КР Президентинин Аппаратындагы эксперттер менен түзүлгөн макулдашуу тобунда кармалып келет. Мындай маалымат менен депутат Дастан Бекешев тааныштырды.

                         СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Биотун – термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Алдын ала пландалгандай, биоэталонду “Кара-Балта” спирт заводу мамлекеттик ишканасынын базасында ишке киргизүү сунушталууда. Бул аркылуу бензинди республикага импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскарат. Кыймылдаткычтардын иштетилген газдарды чыгаруусунда уулуу заттардын төмөндөшүнүн негизинде экологиялык абал жакшырат. Бул маалыматтар Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 2 – окууда каралды. Талкууда аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбооруна депутаттар тарабынан берилген бир катар сунуштар кабыл алгандыгын билдирди.

                       СНХ.А.НАЗАРОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 – майда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+21...+26, Талас:+22...+27, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+23...+28, Ысык – Көл, Нарын:+14...+19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  7 - майда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 чейин метрге жетет. Абанын температурасы +21…+23 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 123

Окшош жаңылыктар