Калктын картаюу процессинин 2030 - жылдары байкала баштоосуна эмнелер себеп?

06-05-2019 17:32

Бүгүн, 6 – майдагы жыйынында  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын «Жарандардын  репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү» 2015 - жылдын 21-майындагы мыйзамынын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү маселесин карады. Бул багытта маалымат берген депутат Аида Касымалиеванын белгилешинче, балдарынын жаш курагы боюнча 1 жашка жетип – жетпеген аралык жалпы төрөт көрсөткүчүндө 9% деңгээлинде сакталып калууда. “Мындай абал энелердин саламаттыгына терс таасир этип, энелер арасындагы өлүм эсебинин көбөйүшүнө себепчи болууда. Союздун убагында эненин организмди чыңдап алуусу үчүн 3 жылдык мөөнөттү сактоо репродуктивдүү укуктардын туура колдонулган ыкмасы болчу”, - деген негиздерге токтолгон демилгечи депутат профилактикалык иш чараларга олуттуу маани берилиши керектигин айтты. 

Ошондой эле депутат А.Касымалиева улуттун картаюу процессине байланыштуу келечектин көрсөткүчтөрүнө да токтолду. Анда айтылгандай, калктын картаюу процесси 2030 – жылдары сезиле баштайт. Бул алдын ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгы. 

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз , - “Улуттун көбөйүшү жакшы. Болгону сапаты да талаптагыдай болушу шарт. Анткени, азыркы тапкан орточо маяна менен 10 чакты балалуу болуп, аларды багуу кыйла татаалдыгын турмуш көрсөтүүдө. Ошондуктан үй – бүлөнү туура пландаштыруу зарыл”, - дейт.

Союз тарагандан бери медициналык статистика дээрлик жокко эсе. Мындай пикирин тармактык комитеттин төрага орун басары Алмазбек Токторов ортого салды. Ошондой эле ал, - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны азыр 30 миңге чамалап калгандыгы кабырга кайыштыраарына да токтолду. 

Ошондой эле эл өкүлү супер – маркеттерде сатылып жаткан азык – түлүктөрдүн сапаты азыр абдан тынчсызданууну жаратаарын билдирди. Ден соолукту коргоодо бир гана медицинанын милдети, - деп түртө салды мамиле жарабайт, - деди андан аркы сөзүндө депутат А.Токторов. 

Депутат Аида Исмаилова репродуктивдүү ден соолукту чыңдоого келгенде эл аралык уюмдардын колдоосу чоң болуп жаткандыгын билдирип, бирок ал каражаттардын элге жардамы сезилерлик тийбей, көбүнчөсү консультанттарды кармоого кетип жаткандыгына нааразы болду. 

Мамлекет казынасынын дээрлик жарымынан көбү социалдык тармакка жумшалат, - деп айтылганы менен социалдык тармакта иштеген мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктары алымсындырбаган абалда. Анан кантип, алардан иштин натыйжасын талап кылса болот? Жемкорлуктан коргоп калуунун дагы кандай ыкмасын тапса болот? – дейт депутат Альфия Самигуллина. 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын «Жарандардын  репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү» 2015 - жылдын 21-майындагы мыйзамынын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү маселеси боюнча маалыматтар эске алынсын, - деп табылды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 196

Окшош жаңылыктар