ЖАҢЫЛЫКТАР 06.05.19.

06-05-2019 08:36

Бүгүн, 6 – майдагы жыйынында  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын «Жарандардын  репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү» 2015 - жылдын 21-майындагы мыйзамынын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү маселесин карайт. Ошондой эле аталган мыйзам боюнча тегерек столдун резолюциясын  бекитүү тартиби такталат. Бул багытта демилгечи депутат А. Касымалиева маалымат бермекчи. Нарын областында «Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүдө медициналык билим берүүнү реформалоонун ролу» маселеси боюнча тармактык комитеттин көчмө жыйынын өткөрүү маселеси да каралмакчы.

Өлкөдө уран кендерин иштетүү канчалык максаттуу? - деген депутат Тазабек Икрамов, - “Эл аралык коомчулук уран кенин иштетүүгө каршы туруп, «Жашыл экономикага» карай умулуп жатса, бизде тээ сексенинчи жылдардагыдай мамиле жасалып, артка кетүү болуп жаткандыгы кандай?” - деп кабатырланды.

                              СНХ.Т.ИКРАМОВ

Ордо калаадагы калктуу конуштардын чек араларын аныктоо зарылдыгын белгилеген депутат Марат Аманкулов, - бул маселени шаардык кеӊеш чече албай жатканын айтып, аны Өкмөт колго алышы керектигин эскертти.

                              СНХ.М.АМАНКУЛОВ

Өлкө бюджетинин үчтөн бирин эмгек мигранттары которгон акча каражаттары түзөт. Депутат Алмазбек Токторов ушул жагдайга кайрылып, Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү үчүн резервдик фонддордон болсо дагы каражат бөлүүнү талап кылды.

                             СНХ.А.ТОКТОРОВ

Чоӊ-Алай районундагы негизги көйгөйлөрдүн бири Карамык айылындагы Тажикстан менен болгон чек аранын тарып бараткандыгы. Ага жеринде күбө болуп келген депутат Жанарбек Акаев элди нааразы кылган дагы бир маселе райондун бир катар айылдарындагы таза суунун тартыштыгы татаал турмуш жаратып жаткандыгына токтолду.

                             СНХ.Ж. АКАЕВ

Депутат Рыскелди Момбеков Алай районундагы Ачык-Суу айылындагы мектеп дале буржуйка меши менен жылытыларын айтып, Билим берүү, илим министрлиги каякты  карап олтургандыгына таң калды.

                            СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 – майда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын: +18...+23, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+22...+27, Ысык – Көл, Нарын:+13...+18 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -2…+3 градуска чейин жылыйыт. Бишкек шаарында бүгүн,  6 - майда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 чейин метрге жетет. Абанын температурасы +20…+22 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 175

Окшош жаңылыктар