ЖАҢЫЛЫКТАР 03.05.19.

03-05-2019 08:22

Бүгүн, 3 – майда Ош шаарындагы “Ош Нуру” мейманканасынын конференц – залында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтөт. Мыйзам долбоорунда “Жарандардын кайрылууларын короонун тартиби жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу онлайн режиминде петицияларды сунуштоо жана кол коюу механизмдерин киргизүү чаралары каралган. Мындай демилге депутаттар А.Касымалиева, А.Карашев, А.Нурбаев, Н.Никитенко, А.Осмонова, С.Нышанов, М.Аманкулов, О.Бакиров, Д.Бекешев тарабынан көтөрүлүүдө.  

Ачкадан арачалап калуу үчүн каралган каражат 4500 сомду түзсө,  азыркы илимпоздор таап жаткан киреше аталган суммадан ашып кетсе 500 сомго эле арбын экен. Бул эмне деген көрүнүш? Ушул акчага жан багып жаткан окумуштуулар ургалдуу уран маседесинде унчуга да алган жок. Анда Илимдер академиясынын канчалык зарылчылыгы бар? – деген суроо депутат Руслан Казакбаев тарабынан өкмөткө жолдонду.

                            СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Босогодо Жеӊиш майрамын белгилегени турабыз. Бирок, ошол майрамды камсыздаган ардагерлердин саны улам азайып барат. Ошондуктан, жакшылап көӊүл буруп, алардын эрдигин баалай билишибиз керек, - деди депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында.

                           СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан 12 миӊ бала болсо, алардын 10%ы тоголок жетимдер. Мамлекет тарабынан аларга анчалык көӊүл бурулбай жаткандай. Себеби, балдар үйүнөн чыккандан кийинки алардын тагдыры өтө тынсыздандырат, - дейт депутат Махабат Мавлянова.

                          СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Депутат Айнуру Алтыбаева, - мигранттардын туугандарына калтырып кеткен балдарынын абалына кайрылып, бул багытта өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады. Статистикалык көрсөткүчтөрдүн көйгөйлүү көрүнүштөрүн да атады.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Жайкы эс алуу мезгили жакындап келе жатканда туристтерди кабыл алуучу жайлар иретке келтирилип, стандарттык талаптарды сакташы керек. Мындай негиздерге кайрылган депутат Абдыбек Дүйшалиев, - “Тоң районундагы туздуу көлүндөгү антисанитариялык абал качан иретке салынат?” – деген суроону койду.

                           СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Нарын областынын дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар себелейт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан нөшөөргө айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын: +12...+17, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+14...+19, Ысык – Көл:+13...+18, бийик тоолуу райондордо +1…+6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  3 - майда жаан жаайт. Абанын температурасы +13…+15 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 150

Окшош жаңылыктар