ЖАҢЫЛЫКТАР 02.05.19.

02-05-2019 09:00

Бүгүн, 2 – майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш май айынын календарлык планын бекиткен соң, “Ар кандай маселелер” саатын карайт. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да үчүнчү окууда талданмакчы. “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр да күн тартибинде.

Уранды казып алуу процессин кезегинде СССР 1968 – жылдары эле токтотуу тыянагына келген. Бул тууралуу тарыхый маалыматтарга токтолгон депутат Мыктыбек Абдылдаев, - “Иван Цацулин деген жазуучунун “Атомная крепость” чыгармасынын маанисине кайрылып, ошондогу окуя 80 жылдан кийин кайталанып жаткандыгы эски жаратты кайра тырмагандай болду”, - дейт.

                           СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

“ЮрАзия - Кыргызстан” компаниясынын колунда болгону кенди чалгындоого уруксаат берген лицензия бар. Ал эми аны иштетүүгө эч ким укук берген жок. Ошондуктан, лицензиянын мөөнөтү аяктаган соң, аны узартууга негиз жок деген аныктамаларга таянган маалыматтары менен  бөлүшкөн депутат Рыскелди Момбековдун пикири:

                           СНХ.Р.МОМБЕКОВ

КР Саламатык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаменттин директору Төлө Исаковдун айтымында, уран кени бар делген Майлуу – Суу, Миң – Куш, Кажы – Сай аймактарындагы калктын саламаттыгы башка аймактагы элдин саламаттыгынан эч деле айырмаланбастыгы белгилүү болду.

                          СНХ.Т.ИСАКОВ

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын биргелешип кызматташуусунун жыйынтыгы жакшырып, шайлоочулардын тизмеси чар жайыт туш – тарапка чачырабай, жыйныктуу болушу керек, - деген депутат Акылбек Жапаров, - “Мектептерди интернеттештирүү процессинин жакшы пайдасы шайлоо компанияларында да таасирдүү байкалып, калыстыкты камсыздоого салымдаш болушу керек”, - дейт.

                         СНХ.А.ЖАПАРОВ

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун демилгеси менен жасалган “Сүйүктүү шаарыма белек”, - деп жазылган нумизматикалык такта Бишкек шаарынын 141 жылдыгына арналды. Эми борбор калаабыздын тургундары менен меймандары 1 сом номиналындагы чоң тыйындын жанында сүрөткө түшө алышат. Шаар көркүнө көрк кошкон  нумизматикалык тактанын салмагы 500 килограмм, диаметри 2 метр. 1 сомдук тыйын үлгүсүндөгү ири элемент Бишкек шаарынын борборуна орнотулду.

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 – майда бир аз жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо да жаан жаап, жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: :+14...+19, Талас:+14...+18, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+19...+21, Ысык – Көл:+16...+18, Нарын:+14...+16, бийик тоолуу райондордо 5…10 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  2 - майда жаан жаайт. Абанын температурасы +17…+19 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 74

Окшош жаңылыктар