ЖАҢЫЛЫКТАР 30.04.19.

30-04-2019 08:37

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бүгүн, 30 - апрелиндеги жыйынында “Жер казынасы жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат.  Ошондой эле ратификациялык бир топ мыйзам долбоорлоруна да көңүл бурулмакчы.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет бүгүн, 30 – мартта Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрүп, аталган агенттиктин борбордоштурулган “Бирдиктүү терезе” боюнча  иштери менен таанышат. 

Кечээ, 29-апрелде Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков Укук аркылуу демократия үчүн европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) өкүлү Сергей Кузнецовду кабыл алды. Тараптар шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, саясий партиялардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу, өлкөдө админстаривдик-аймактык реформаны жүргүзүү жаатында пикир алышты.

Бир гана ордо калаадагы мектептердеги балдардын эсеби 2 – 3 эселеп эмес, шаарга коңшу турган Сокулук, Аламедин райондорундагы мектептерде да 1 орунга бир канча окуучу туура келген учурлар бар. Мындай мисалдарды келтирген депутат Иса Өмүркулов буларга токтолду.

                                                 СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Өнүккөн мамлекеттерде салык кызматы топтогон киреше менен Бажы органы жыйнаган каражаттардын ортосундагы айырма 3 – 4 эсе болсо, бизде дээрлик деле айырма жоктой, - дейт депутат Канатбек Исаев өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып.

                                                  СНХ.К.ИСАЕВ

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева Чоң-Алай районунда болгон иш сапарында жергиликтүү активисттер менен жолугушту. Чек арадагы, эң алыскы айылдардын бири Карамык айылына барышкан эл өкүлдөрү Тажикстандын Жерге-Тал өрөөнү менен чектешкен чек ара тозотунда болушту. Тажикстан менен талаш болуп жаткан, кыргыздар ата-бабаларынан бери эле жайлап келген жайлоолорду өз көздөрү менен көрүштү.

Жалпы чек ара маселесине келгенде, депутат Мыктыбек Абдылдаев айрым тилкелердин жөнү жок кыскарууга өтүп алгандыгына кейиди. 2006 – жылдагы геодезия тарабынан аныкталган картаны мисалга келтирип, өкмөттүн жоопкерчилигин кароо зарылдыгын белгиледи.

                                                  СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

Азыркы тапта жалпы Кыргызстан боюнча 27 миң километрдей суу каналы болсо, анын 5000 километри Суу чарба жана мелиорация департаментине, калганы Суу пайдалануучулар ассоциациясына карайт.  Бул тууралуу маалыматтар Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Ош областындагы көчмө жыйынында айтылды. Иш чаранын алкагында депутаттар региондогу чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдардын абалы менен таанышты. Тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров, - өлкөдөгү сугат суу маселеси өтө курч экенин белгилеп: “Аларды чечүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен бирдиктүү саясатты калыптандыруу зарыл”, – деди.  

                                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 – апрелде көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар себелейт. Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда нөшөөргө айланат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+13...+18, Ысык – Көл, Нарын:+11...+16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 64

Окшош жаңылыктар