Төрага Ч.Турсунбеков тармактык комитеттин жетекчиси менен 2017-жылга карата республикалык бюджет тууралуу пикир алышты

27-09-2016 11:58

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевди кабыл алды.

Жолугушууда 2017-жылга карата республикалык бюджеттин параметрлери талкууга алынды. А.Шадиев маалымдагандай, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде кароодон өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 2017-жылга карата республикалык бюджетте сунушталган таңсыктыктын көлөмүн азайтуу жана мамлекеттик казынадагы чыгашаларды оптимизациялоо максатында мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди кайрадан карап чыгууга чакырды. Ошондой эле Төрага мектептердин, ооруканалардын курулушу сыяктуу социалдык сектордогу бүтпөй калган долбоорлорго артыкчылык берилип, курулуштарды бүткөрүү башкы максат болушу керектигин  баса белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда бюджеттин киреше бөлүгү, анын ичинде, бажы жана салыктык түшүүлөр тууралуу сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1392

Окшош жаңылыктар