ЖАҢЫЛЫКТАР 26.04.19.

26-04-2019 08:30

Бүгүн, 26-апрелде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтөт. Мыйзам долбоорунда "Жарандардын кайрылууларын короонун тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу онлайн режиминде петицияларды сунуштоо жана кол коюу механизмдерин киргизүү чаралары каралган. Мыйзам демилгечилери – депутаттар тобу. Иш-чара БУӨПтүн "Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия" программасынын көмөгү менен өткөрүлүүдө. 

“Таза азыктарга бай, касиеттүү көл катары Ысык – Көл областын жарнамалап жатканда, уран иштетебиз, - деп туристтерди таш ургандай качырып албайлы. Жети өлчөп, бир кесип, - уран кенин чалгындоого, иштетүүгө 50 жылга чейин мораторий киргизели”, - деди депутат, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттин кечээки жыйынында.

                        СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Тоо – кен тармагы экономиканын локомотиви. Андыктан өндүрүштүн бул чөйрөсүнө жетиштүү көңүл бурулуш керектигин айткан депутат Азамат Арапбаев болду.

                       СНХ.А.АРАПБАЕВ

Аткезчилик күчөп, мыйзамсыз товарлар кирип жаткандыгын токтотуу керек. Ага бөгөт болуу үчүн электрондук текшерүүлөрдү тартипке салуу талабы турат. Ошол эле мезгилде салыктардын түшүүсүнө кылдат көзөмөл орнотулса, - деген депутат Аалы Карашев парламенттин кечээки жыйынында ата мекендик өндүрүштү колдоо тууралуу да сунуш берди.

                       СНХ.А.КАРАШЕВ  

Электрондук төлөмдөрдү ишке ашырып, айлык акылардын карталык негизде эсептелишине жетишүү экономиканын көмүскө бөлүгүнөн качуунун негиздүү жолу. Бул тууралуу “Республика – Ата - Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов пикирин билдирип, кардиналдык реформаларды талап кылды.

                      СНХ. Ж.ТУРУСКУЛОВ

Депутат Канатбек Исаев электр өткөргүчтөр сырттан түрлөп ташылып келип жатканына түшүнбөстүгүн айтып, андай товарлар чыга турган өзүбүздө деле ишканалар бар экендигин белгиледи. Болгондо да мамлекеттин 20% үлүшү бар ишканалардын натыйжалуу иштетилбей жаткандыгына жаны кейиди.

                     СНХ.К.ИСАЕВ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26 – апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондого кар себелейт. Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+10...+15, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+11...+16, Талас:+8...+13,  Нарын, Ысык – Көл:+9...+14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 26 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +13...+15 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 121

Окшош жаңылыктар