ЖАҢЫЛЫКТАР 25.04.19.

25-04-2019 08:18

Бүгүн, 25 – апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 – жылдагы ишмердүүлүгү боюнча Премьер – министрдин отчетун угууну улантат.

Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн миссиясы эмнеде? Алардын маселе чечүү дарамети канчалык?  - деген суроолорду жолдогон депутат Алтынбек Сулайманов, - “Чындап келсе, аларды жоюга мезгил жетти. Губерниясы жок губернаторлордун кимге кереги бар?” = деди Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда.

                           СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Коомчулукта уран маселеси кыжаалат суроого айлангандыктан, парламенттеги өкмөттүн кечээки олтурумунда бул көйгөйдүн көмүскөдө калбашын талап кылган депутат Камчыбек Жолдошбаев болду.

                           СНХ.К.ЖОЛДОШБАЕВ

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Ошол 430 чакырымды түзгөн Түндүк-Түштүк жолунун Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каралды. Талкууда кеңеш берүүчү кызматтардын акылары дагы деле кымбатка туруп жаткандыгына депутат Кубанычбек Жумалиев  кайрылды.

                           СНХ. К.ЖУМАЛИЕВ

Депутат Исхак Пирматов,  - “Өлкөнүн бюджетиндеги инфиляциялык өзгөчөлүктөрдү эске алганда, мүмкүн Ч. Айтматов атындагы КМШ ПААдагы сыйлыктын каржысын кайра карап чыгуу керек”, - дейт Социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында.

                          СНХ.И.ПИРМАТОВ

“Ч.Айтматов атындагы сыйлык 30 миң доллар деп белгиленип жатканда доллар курсу 48 сом болчу, азыр айырма бир топ”, - деди депутат Д.Бекешев дагы талкууга үн кошуп.

                         СНХ. Д.БЕКЕШЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25 – апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондого кар себелейт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында нөшөөрлүү жаанга айланат. Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+11...+16, Талас:+9...+14,  Нарын:+5...+10, Ысык – Көл:+6...+11 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +13...+15 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 72

Окшош жаңылыктар