ЖАҢЫЛЫКТАР 24.04.19.

24-04-2019 08:39

Бүгүн, 24 – апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда талданат. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрлөр болсо биринчи окууга чыгарылат.  

Мамлекеттик мүлктөрдү башкарууда, ижарага берүүдө 2018 – жылдын жылыштары байкалды. Мисалы, 3 жылдан бери электр кубаты импорттолбой, анын ордуна 702 млн кВ/с электр Өзбекстанга экспорттолгон. Ушундай жылыштарды жакшы заманга жооруп, тарифтерди арзандатуу зарыл, - деген депутат Исхак Масалиевдин пикири.

                        СНХ.И.МАСАЛИЕВ

2018-жылдын бюджети 6 млрд сомго аткарылбай калгандыгына токтолгон депутат Зиядин Жамалдинов, - “Буга Экономика министрлиги жооп бериши керек”, - дейт.                  

                       СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, тартип кадимкидей байкалды. Бирок 5-10 миӊ сом айлык алган жөнөкөй жарандар үчүн жол эрежелерин бузуудагы айыппулдар өтө эле жогору. Шайлоочулардан эл өкүлдөрүнө көптөгөн кайрылуулар келип түшүп жаткандыгын депутат Мирлан Бакиров айтып чыкты.

                      СНХ.М.БАКИРОВ

Газды импорттойбуз. ал эми электр энергиясы өзүбүздө өндүрүлөт. Демек, жеке шартыбызга караганда Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү автобустардын ордуна троллейбус сатып алганда адашмак эмес. Деги, акыл калчап иш кылганды качан үйрөнөбүз? – дейт депутат Руслан Чойбеков.

                      СНХ.Р.ЧОЙБЕКОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 – апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондого кар себелейт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында нөшөөрлүү жаанга айланат. Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Кээ бир райондордо шамалдын күчү секундасына 17 – 22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+12...+17, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Нарын:+13...+18, Ысык – Көл:+11...+16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +15...+17 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 171

Окшош жаңылыктар