КМШ ПААдагы Ч. Айтматов атындагы сыйлыкты аныктоо кайсы тармактык комитеттин миссиясына кирет?

22-04-2019 17:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч. Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеӊештин токтом долбоору бүгүн,  22 – апрелде Социалдык маселелер, билим берүү, илиммаданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин олтурумунда каралды.

Анда баяндалгандай, сыйлыктын акчалай өлчөмү КМШ ПААнын Ч. Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруунун алдындагы жылдын 30 – декабрына чейин КР Жогорку Кеңеши тарабынан жыл сайын аныкталат. Ошондой эле, эгер аталган сыйлыкка Кыргызстандын жараны сунушталса, анда анын талапкерлиги  Социалдык маселелер, билим берүү, илиммаданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралат, - деп сунушталган маселеде бир топ чиелүү жагдайлар жаралды. Комитеттин айрым өкүлдөрү бул суроо Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин көзөмөлүндө кала берсин, - дешсе, депутат А.Самигуллина бул маселени Бюджет жана каржы комитети талдасын деген пикирин ортого салды.

Депутат И.Пирматов,  - “Өлкөнүн бюджетиндеги инфиляциялык өзгөчөлүктөрдү эске алганда, мүмкүн сыйлыктын каржысын кайра карап чыгуусу керек”, - дейт.

Аны колдогон депутат Д.Бекешев, - “Ч.Айтматов атындагы сыйлык 30 миң доллар деп белгиленип жатканда доллар курсу 48 сом болчу, азыр айырма бир топ”, - деди.

Мындай сыйлыкка КМШга мүчө башка мамлекеттердин жарандары менен жарандыгы жоктор да адабият жаатындагы жетишкендиги,  көрүнүктүү, оргиналдуу чыгармалары жана көп тармактуу адабий ишмердүүлүгү үчүн көрсөтүлөт. Адабий сыйлыктын лауреаты бир жылда бир аныкталат.

Токтом долбоорунда эгер сыйлык ээси медалын жоготуп алган болсо, анын дубликатын берүү шарттары да көрсөтүлгөн. Ал үчүн КМШ ПААнын чечими талап кылынат. Эгер жоголуп, кайра табылган медаль болуп, бирок ээси аныкталбаса, ал медаль КМШ ПААнын катчылыгына жиберилет.

Ал эми “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч. Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө милдети кайсы тармактык комитеттин жоопкерчилигинде болоору талаш жаратты. Эми аны тактоо Жогорку Кеңештин чечимине жараша аныкталмакчы.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 198

Окшош жаңылыктар