Сыртына алкоголдук ичимдиктердин аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салынат

22-04-2019 17:12

Бүгүн, 22 – апрелдеги жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илиммаданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Жарнак жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карайт. Бул багытта  Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров маалымат берди.

Долбоордо белгиленгендей, алкоголдук ичимдиктерди кекректөө процессине тиешеси жок, сыртына алкоголдук ичимдиктердин аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар ж.б.) таратууга, анын ичинде адамдардын кеңири чөйрөсүнө сатууга тыюу салынат.

Бирок, жогоруда аталгандарга алкоголдук ичимдиктердин аталышы же сүрөтү, товардык белгилери ресторан, кафелердеги, мейманканалардагы логотиптер түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар менен ширенке кутучалары, дагы башка тиричилик буюмдары алкоголдук ичимдиктерди таратуу жана соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт кражаттары кирбейт, - деп айтылат маалымкат негиздемесинде.

Ошондой эле мыйзамдагы "жарнак" деген сөз "жарнама" деген сөзгө алмаштырылууда.

Талкуу жыйынтыгында  “Жарнак жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болуп, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.


 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 119

Окшош жаңылыктар