ЖАҢЫЛЫКТАР 22.04.19.

22-04-2019 08:55

Бүгүн, 22 – апрелдеги жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Жарнак жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карайт. Бул багытта  Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов маалымат берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч. Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеӊештин токтом долбоору да талкууланат. Андан тышкары угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерге Жогорку Кеңештин имаратына кирүү шартын жакшыртуу боюнча парламенттин ишмердүүлүгү багытында презентация тааныштырылмакчы. Демилге депутат Д. Бекешевге таандык.

Тамак – аш импортунун басымдуу бөлүгү ун азыктарына тиешелүү. Анткени, буудайдан тарып сырттан келгени жалган эмес. Бул темага кайрылган депутат Тазабек Икрамов, - азык-түлүк коопсуздугунда бул коркунучтуу көрүнүш  экендигин белгиледи. Ошондой эле ал бул маселени чечүүнүн башаты сугат суусуна барып такаларын эскертти.

                             СНХ.Т.ИКРАМОВ

Шайлоочулардан да суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар келип жаткандыгын депутат Алмазбек Акматов билдирди. Анда, - “Ошол  суу пайдалануучулар ассоциациясы сугат суусу үчүн элден чогултулган каражаттарды эмне кылып жаткандыгы белгисиз. Мындай коомдук уюмдарды мыйзам боюнча Эсеп палатасы дагы текшере албайт экен”,- дейт парламентарий.

                            СНХ.А.АКМАТОВ

Чехия мамлекетине жумушка орношууга чакыруу алган жарандардын жолу ачылбай жаткандыгын айткан депутат Улукбек Ормонов бул маселени өкмөткө жолдоп, мамлекет аралык келишим түзүп, жагдайды чечүүгө чакырды.

                           СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Аида Исмаилова көчүрүлүп келинген Памир кыргыздарынын туруктуу турак – жайга ээ болбогондугунан улам, алар тарткан кыйынчылыкка Нарын шаарына болгон жумушчу сапарында күбө болгондугун маалымдады.

                          СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Чүй областынын Жайыл районундагы атмайданынын аймагы андагы курулган «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводдун чек арасына кирип калган. Муну билген завод жетекчилиги жаӊы атмайдан курууга жардам берерин убадалаган. Бул жагдайга токтолгон депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, жер тилкеси табылган. Эми болгону Өкмөт анын трансформациялоо маселесин эртелеп чечип берүүсү керек.

                        СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда нөшөөрлүү жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +10…+15; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13…+18; Ысык-Көл: +11…+16; Нарын: +12…+17 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн, 22-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +13…+15 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 180

Окшош жаңылыктар