ЖАҢЫЛЫКТАР 19.04.19.

19-04-2019 08:24

Кечээ, 18-апрелде Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 49-пленардык отурумунун алкагында Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышты. Аталган иш чарада терроризмге каршы күрөшүүдөгү эл аралык институттардын ролу талкууга алынып, тармактык технологияларды пайдалануу менен экстремисттик идеялардын жайылышын токтотуу, терроризмди жана андай аракеттерди каржылоону жоюуга багытталган мыйзамдарды жакшыртуу тууралуу сөз болду. Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегация курамында депутаттар Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана Садык Шер-Нияз бар.

Бүгүн, 19 – апрелде Жогорку Кеӊеште 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясы талкууланат. Чыгыш залында саат 15:00дө өз ишин баштай турган иш чараны “Парламент” радиосунан угуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтынан окусаңыздар болот.

“Тышкы миграция жөнүндөгү”  мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов  түшүндүрмө бергендей, аталган мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын жалпы жарандык паспортторунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда.

                             СНХ М.ДЖАМАНКУЛОВ

Миграциялык агымдагы мекендештерибиздин укук бузууларга кабылып калган жагдайлары боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын айткан Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, - “Жарандык, Кылмыш, Үй – бүлө кодекстеринин, экстрадициялоо боюнча конвенциялардын негизинде кызматташуулар болуп жатат. Соңку жылдары эле 125 кайрылуунун 124ү канааттандырылды. Жакынкы аралыкта Кытайдан дагы 3 кишини алып келүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп “Парламент” радиосуна билдирди. 

                            СНХ.Ө.ЖАМИШТОВ

Жергебизге келип жаткан 500 миӊ тоннадан ашуун ун контрабандалык жол менен ташылып келүүдө. Мисалы, 2014-жылы ундун расмий импорт көлөмү 460 миӊ тонна болсо, 2018-жылы 78 миӊ тоннаны түзгөн. Акыркы мезгилде ун өндүрүү 3 эсе азайды, ал эми расмий импорт көлөмү мурдагы бойдон турганы кандай? – дейт депутат Экмат Байбакбаев.

                           СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

«Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамында сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат сыяктуу тартип каралган эмес. Ошондуктан, демилгечи депутат Гүлшат Асылбаеванын маалымдашынча, жарнак конструкциясын орнотуу үчүн жеке же юридикалык жак жеңилдетилген объектиге деп муниципалдык жер участогуна ижара укугун алышы керек.

                          СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Жарнактар аялдамадардын аталыштарын жаап калбашы керек, - деген талап болгону менен, ал көптөн бери аткарылбай жаткандыгын депутат Садык Шер – Нияз айтып, бул маселени бир канча ирет Жогорку Кеңеш жыйындарында көтөрүп чыккандыгын белгиледи.

                         СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык – Көл областында гана жаан – чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок тартып,  тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 17 - 22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+21…+26; Ысык – Көл, Нарын:+15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 - жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +21…+23 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 175

Окшош жаңылыктар