ЖАҢЫЛЫКТАР 18.04.19.

18-04-2019 08:29

Ар кандай маселелер” сааты адаттагыдай эле парламенттин бүгүнкү, 18 – апрелдеги жыйынынын алгачкы талкуу темасы болмокчу. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралса, “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо биринчи окууда талданат.  “Кытай Эл Республикасы менен чек арада чек ара боюндагы сооданын Эл аралык борборун түзүү маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна да көңүл бурулмакчы.

Мамлекеттик жашыруун сыр болбогондон кийин, «Белизгейт» жосуну боюнча документтерди ачыкка чыгаруу керек, - деген депутат Алмамбет Шыкмаматов, - “MegaCom компаниясынын акциялары боюнча Белизден келди делген документтер боюнча кылмыш иши козголбогон күндө да, маалымат ачыкталышы зарыл”, - дейт.

                                    СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Прокуратура органдарынын чарбалык жумуштарга аралашуусу туура эмес. Мындай пикирин билдирген депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, чарбалык иштерге Финпол менен Эсептөө палатасы кийлигишсе болот, ушу тапта кылмыш иши козголбогон айыл өкмөтү калган жок. “Ошондон улам, алар тендер өткөргөндөн чоочулап калышты, жоопкерчиликти бир дагы аткаминер өзүнө алыгысы келбейт”, - деди эл өкүлү.

                                   СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Кылмыш кылтагына кабылган карапайым калктын канын соруп, ортомчулук кылган тарапка айланган жокпу, адвокаттар? Мындай суроого жооп күткөн депутат Сайдулла Нышанов болду.

                                   СНХ.С.НЫШАНОВ

Жылыга жер маселесине байланышкан көйгөйлөр менен кайрылган эл трансформацияга тиешелүү суроолорун жолдой берип, жооп күткөн көздөрү карыкты. Буга Башкы прокурордун жообу кандай болот? – деген суроо депутат Мирлан Бакиров тарабынан көтөрүлдү.

                                  СНХ.М.БАКИРОВ

Жемкордуктун желесинен арыла албаган бир катар министрликтер менен ведомстволордун тизмеги өлкөнүн Башкы прокурору тарабынан тармактык комитетте ачыкталган эле. Ошол жылдык отчетто айтылып жаткан коррупциянын торунан чыгуу аракетин көргөн кайсыл тармактар болуп жаткандыгын да “Парламент” радиосуна курган маегинде КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов санап берди.

                                  СНХ.Ө.ЖАМШИТОВ

Чүй областынын Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектеп окуучулары менен жолугушкан депутат Тынчтыкбек Конушбаев келген жаш меймандарга парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди. "Адам билими жана таланты менен гана таанылат. Ал эми мамлекет ошол билимдүү жана таланттуу жаштардын келечектүү демилгелери менен өнүгөт. Андыктан, жакшы окуп, көп түрлүү өнөр үйрөнүүгө аракет кылгыла. Талыкпай изденүү менен тынбаган аракет өзүңөрдүн өсүүңөргө гана өбөлгө болот", - деди эл өкүлү. Эске салсак, Жогору Кеӊештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен Суусамыр өрөөнүндөгү мектептердин окуучулары арасында атайын сынактар өткөрүлүп, андан жеӊип чыккан окуучуларга парламенттин иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындан сырткары, аларга баалуу белектер да ыйгарылат.

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 – апрелде Ысык – Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдору тоңголок тартып, тайгак болот.Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+19...+24, Талас:+18...+23, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+21...+26, Ысык – Көл:+14...+19, Нарын:+15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 – апрелде жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 148

Окшош жаңылыктар