Депутат Орозбек Алыбаев Панфилов районунун бир катар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты

16-04-2019 15:25

Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Алыбаев Панфилов районунун бир катар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты, анын ичинде Кайынды шаарынын №3 орто мектебинин, Чалдыбар айылынын №2 орто мектебинин, Тельман айылынын орто мектебинин мугалимдери менен жолугушуп, аларда орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жаатында пикир алышты.

Ошону менен бирге, алардын эл өкүлүнө компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу өтүнүчү канааттандырылып, Билим берүү министрлиги  тарабынан бөлүнгөн  компьютерлерди тапшырды.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 470

Окшош жаңылыктар