Кыргызстандын 16 жашка чейинки балдарына жалпы жарандык паспорт берүү жаны тартиби каралууда

15-04-2019 15:48

Бүгүн, 15 – апрелдеги олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Тышкы миграция жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карады. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов  менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикова маалымат беришти.

Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти   С.Жээнбековдун 2018 – жылдын 10 – апрелиндеги Түркия Республикасындагы кыргыз диаспоранын активи менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан.   Аталган пландын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Ички иштер министрлигине жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын жалпы жарандык паспортторунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу маселесин кароо тапшырылган, - дейт Юстиция министри Марат Джаманкулов. 

Ошондой эл е ал иштелип чыккан бирдиктүү позициянын жыйынтыгы боюнча, мыйзам долбоору менен 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту туулгандан тартып бир жашка чыкканга чейин – эки жылдык мөөнөткө; ал эми бир жаштан тартып он алты жашка чыкканга чейин – беш жылдык мөөнөткө бериле тургандыгын билдирди.

Балага туулгандан тартып бир жашка чыкканга чейин жалпы жарандык паспортту тариздөө мөөнөтүн белгилөө балдар туулгандан тартып физиологиялык мүнөздөмөлөргө карата чоң өзгөрүүлөргө дуушар болору менен шартталган. Ошондой эле ушул түзөтүүлөр КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинен Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбаларында колдонуулары да белгилүү болду.

Ушул түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө идентификациялоо жол - жоболорун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. 

Талкуу жыйынтыгында “Тышкы миграция жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Ушул эле корутундунун көчүрмөсү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот - укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке да жөнөтүлдү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 222

Окшош жаңылыктар