ЖАҢЫЛЫКТАР 16.04.19.

16-04-2019 08:21

Бүгүн, 16 – апрелдеги жыйынында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Өкмөттүн 2018 – жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматын угат. Бул багыттагы отчет менен КР вице – премьер министри Жеңиш Раззаков тааныштырмакчы. Ал эми Отун – энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комситетте каралуучу өкмөттүн отчету боюнча КР Биринчи вице – премьер министри Кубатбек Боронов баяндама жасайт.

Кечээ, 15-апрелде "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту. Диалог жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтык маселесине көңүл бурулду. Фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, - Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын учурдагы абалына токтолуп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн сөз жана ой эркиндиги менен адам укугун коргоого өзгөчө басым жасоо керектигине токтолду. Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Алмамбет Шыкмаматовго ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын билдирди.

Калктын өкмөттүн ишине болгон ишеним индекси кантип аныкталат? Бул суроону тактаган депутат Бакирдин Субанбеков тармактык комитетте өкмөт өкүлдөрүнө кайрылды.

                     СНХ. Б.СУБАНБЕКОВ

Сот – укук системасындагы реформалык иштерге чыгымдалган каражаттар кандай сумманы түздү? 2019 – жылдын иш – максаттарында кандай багыттар камтылды? Бул суроолорго жооп күткөн депутат Мирлан Жеенчороев болду.

                     СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Соңку 2 жыл ичинде мамлекеттик автоинспекциянын аталышы канча ирет өзгөрүлгөндүгүн тактап, ушундай реформалык иштерге сарпталган чыгымдардын өлчөмүн эсепке алган депутат Зарылбек Рысалиев болду.

                    СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

Чек арадагы айылдарга чек ара макамын берүүнү ыкчамдатуу керек. Бул тууралуу маселеге депутат Кубанычбек Нурматов токтолду.

                   СНХ.К.НУРМАТОВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16 – апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областарынын көпчүлүк райондорунда жана Ысык – Көл, Нарын областтарынын кээ бир аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар себелеп, жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:+13...+18, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Нарын:+15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16 – апрелде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 38

Окшош жаңылыктар