Көпчүлүк коалиция жыйынында өткөн жылы аткарылган жана аткарууга жетишилбеген иштер талкууланууда

12-04-2019 11:54

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы иши каралып жатат. Жыйынга депутаттар, КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

КР Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы экономикалык өсүштүн оң көрсөткүчтөрүнүн сакталышы негизги натыйжа болгонун, экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайыздык пунктка ашканын белгиледи. “Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 557,1 млрд сом көлөмүндө болду жана реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү”, - деди ал.

Суроо-жооп маалында депутат Дастан Бекешев кадр маселесиндеги көйгөйлөргө токтолуп, ЖОЖ студенттеринин практикалык билим алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге волантерлук кылуусу боюнча келишим түзүп, аны ишке ашырууну сунуш кылды. Депутат Улукбек Ормонов 2018-жыл парламент комитеттеринин чечимдери аткарылбагандыгын сынга алды.

Депутат Алтынбек Сулайманов буга чейинки өкмөттөр дагы аракеттерди кылып келгени менен жыйынтык чыкпагандыгын айтып, алган багытыбыз туура эмеспи деген ойлору менен бөлүштү. Эл өкүлү Өкмөттүн астына эӊ алгач жумушсуздукту жоюу, коррупция менен күрөшүү жана инфратүзүмдөрдү жакшыртуу маселесин койду. Ошону менен катар А.Сулайманов Өкмөттүн бир жылдан бери анализ кылып, ыкчам чара көрө албай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Депутат Абдывахаб Нурбаев 2018-жылдын республикалык бюджет толбогондугун, ал эми республикалык бюджет мыйзам экенин белгилеп, мыйзам аткарылбаган чакта кимдир бирөөлөр жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи. 

Суроо-жооп уланууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 959

Окшош жаңылыктар