ЖАҢЫЛЫКТАР 12.04.19.

12-04-2019 08:09

Бүгүн, 12 – апрелдеги КСДП, “Республика – Ата - Журт” фракцияларынын жыйынында  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндөгү отчету угулат. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылды. Парламентик көпчүлүк коалициянын жыйынынан түз алып уктурууну саат 10до “Парламент” радиосунан уксаңыздар болот.

Өкмөттүн отчёту Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өтүп жатат. Депутат Алмазбек Токторов, - “Эл арасында өкмөттүн ишине "2" деп баа бергендер болуп жатканы менен  мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы", - дейт “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                           СНХ.А.ТОКТОРОВ

Уулуу заттарды ташууну атайын адистештирилген унаалар гана жеткирүү иштерине тартылып келсе, азыр бул ишти туш келди унаалар менен эле алып жүрүшөт. Бул өтө опурталдуу, - дейт депутат Алтынбек Жунус уулу парламенттин кечээки жыйынында.

                          СНХ.А.ЖУНУС УУЛУУ

Күйүүчү майды ташууга келгенде да аткезчилик күчөп жаткандыгын айткан депутат Рыскелди Момбеков, - бензин сапатын текшере турган лабораториянын жоктугун сынга алып, бензин менен бензанолдун айырмасын билбеген аткаруу бийлигинин ишине нааразы болду.

                           СНХ. Р.МОМБЕКОВ

Илим изилдөө иштерине башын байлаган илимий кызматкерлер 5 – 7 миң сом айлык алса, илим жолун тандаган аспиранттар 1миң сомдун тегерегиндеги каражатка жан багышат. Бул көрүнүшкө фонаттар гана чыдайт деген менен, үй – бүлө чыгымдарына чыйрактык кылуу чынында кыйынга турууда, - дейт депутат Айнуру Алтыбаева.

                         СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Үлүштөрдү топтоп көп кабаттуу үйлөрдү курууга элдин басымдуу бөлүгү ынанып, курулуш компанияларына каражат которушууда. Бирок, алардын айрымдары экплуатацияга убагында берилбегендиктен, турак – жайларын документтештире албагандар азап тартууда, - дейт депутат Чыныбай Турсунбеков бул теманы Жогорку Кеңештин кечээки жыйынына алып чыгып.

                          СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Турак – жай эле эмес, акыретте ээ болчу кабырдын үйүн сатуу дагы кызыл кулактыктын капчык толтуруучу булагына айланды. Муну танып кеткис журналисттердин маалыматтарынан да майнап чыгышы керек эле. Бирок, тиешелүү органдар ага камырабастык кылып жатабы? Түшүнүксүз, - дейт депутат Жанарбек Акаев.

                          СНХ.Ж.АКАЕВ  

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ    

Бүгүн, 12 - апрелде Чүй, Талас, Ысык – Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ал эми өрөөндүү аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:14...19, Талас, Нарын: 13…18, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 17…22, Ысык-Көл: 12…17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12 – апрелде түшкө чейин мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 17…19 градус жылуу болот.                                             

Көрүүлөрдүн саны : 170

Окшош жаңылыктар