ЖАҢЫЛЫКТАР 11.04.19.

11-04-2019 08:56

“Ар кандай маселелер” сааты адаттагыдай эле бүгүн, 11 – апрелдеги парламент жыйынынын биринчи маселеси болмокчу. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда талданат. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууга чыгарылат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү”  конституциялык мыйзамдын өзгөртүүлөрү да биринчи окууда талкуу объектисине алынмакчы. Дагы бир орчундуу маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан депутаттар К.Исаевге, А.Жапаровго жана И.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматы угулат. Ошондой эле парламенттин бүгүнкү жыйынына КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

                             СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында жаңы коалиция түзүүнү демилгеледи. Буга Кыргызстан социал демократтар партиясы оппозицияга кеткендиги себеп, ошондуктан,фракция дагы кадам жасап, коалициядан чыгышы керек, - дейт эл өкүлү.

                            СНХ.И.МАСАЛИЕВ  

Сунушталган маселеге пикирин билдирген көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов фракциясынын коалицияда калышы мыйзамдарга каршы келбестигин түшүндүрдү.

                           СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Жогорку Кеңеш  ушул үстүбүздөгү жылы Бириккен Улуттар Уюмунун “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенциясын” ратификациялап берген.  Аны жүзөгө ашыруу үчүн 10 жылга  деп 6 млрд. сом бөлүнчөкчү. Ал каражатка  социалдык механизмдер жаңыртылып, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, - дейт вице - спикер А.Касымалиева “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                          СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

"Автомобиль каражаттарын мас абалында башкарган айдоочуларга айып пулду дагы жогорулатса жарашат" деген  депутат Алтынбек Жунус уулу, - “Бирок, унаасын туура эмес жерге токтоткон жана ушул сыяктуу майда – барат жол эрежелерин бузуудагы айып пулдарды азайтууну карап көрүү керек. Антпегенде, чөнтөгү жука карапайым калк чынында айып пулдарды төлөй албай жатат”, - деди Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.

                        СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

“Коопсуз шаар” долбоору иштеп жатканда автоунааларын ишеним кат аркылуу айдап жүргөндөр айып төлөөдө жөн жерден эле машинанын баштапкы ээсин каржылык чыгымга учуратып жаткан жокпу? Бул суроого токтолгон депутат Жыргалбек Турускулов тиешелүү өкүлдөрдөн жооп күттү.

                       СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

"Таштандылар иретке салынбай, аларды айланчыктап жүргөн селсаяктар ар кайсы жерде жатса туризмди кантип өнүктүрө алабыз?" деген маселеге депутат Тынчтыкбек Конушбаев токтолду.

                      СНХ. Т.КОНУШБАЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ    

Бүгүн, 11-апрелде Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облуасттарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Ош, Жалал - Абад: 15…20; Талас, Баткен, Ысык – Көл, Нарын: 13…18, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11-апрелде  мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 184

Окшош жаңылыктар