Депутат Алмазбек Токторов: “Мыйзам карандай эле кагаз эмес, ал таасири күчтүү документ”

10-04-2019 16:41

КР Өкмөтүнүн 2018 – жыл үчүн отчету Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өтүп жатат. Социалдык багыттагы аткаруу бийлигинин жүзөгө ашырган иштери Социалдык саясат боюнча комитеттин кароосунан өтүп, жактырууга ээ болгон. Жалпысынан колдоого татыган менен, отчеттун кемчилик жактары да белгиленип, депутаттардын сынына кабылган. Бул багытта кеңири маалымат берип, ЖК депутаты, Социалык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрага орун басары Алмазбек Токторов бүгүн, 10 - апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Ар бир кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Ошондуктан, мыйзамды жөн эле жазылган кагаз катары эмес,  аны таасири, духу күчтүү документ катары таануу керек, - дейт эл өкүлү. 

“Эл арасында өкмөт ишине “2” деп баа бергендер угула калып жатат. Бирок, ар бир аткарылган иштин артынган жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек. Ошондуктан, мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы”, - дейт А.Токторов. Ошондой эле ал, - титулдук тизмеге кирген курулуш объектилери өң таанышка карабай, калыстык менен тандалышы керектигин да кошумчалады. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 324

Окшош жаңылыктар