Бюджеттик мыйзамдарды андан ары жакшыртуу, эл аралык стандарттарга жакындатуу, мамлекеттик каржыны башкаруу усулдарын өркүндөтүү демилгеси сунушталды

10-04-2019 15:30

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик бюджетке байланыштуу мыйзамдарды андан ары жакшыртуу, эл аралык стандарттарга жакындатуу, мамлекеттик каржыны башкаруу усулдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан “КР Бюджеттик  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Демилгечи – Өкмөт.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр мыйзамдык актыларынын ченемдериндеги кайталоолорду жоюуга, Бюджеттик кодекстин беренелерин бири-бирине шайкеш келтирүүгө, аларды ар башка чечмелөөлөргө жол бербөөгө, бюджеттик жүрүмдүн ачык-айкындыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Мисалы, резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу отчету күчөтүлөт. Ал үчүн Президенттин, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын, Премьер-министрдин резервдик фондунун, ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин алардын тийиштүү чечимдери менен белгилөө демилгеси сунушталууда”, - деди министр.

Депутат Искендер Матраимов 400 млн сом көлөмүндөгү консулдук жыйымдар республикалык бюджетке кирбей калганы өтө таӊгалыштуу экенин жашырган жок. “Республикалык бюджет тартыштык менен кабыл алынууда. Баардык каражат бюджетке камтылышы керек”, - деди ал. Министр ал каражат бюджетке киргенин, бирок ал атайын каражаттар түрүндө болорун билдирди.

Ал эми депутат Айтмамат Назаров өткөн жылдын бюджетинде Тогуз-Торо району үчүн түркү берүүчү грант каралбай калганын эске салды. “Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттин негизин түзө турган Тогуз-Тородогу “Макмал” кен ылгоо ишканасы иштебей калган. Ошондуктан, районго гранттык каражат бөлүнүшү керек болчу, тилекке каршы, ал эске алынган жок”, - деп кошумчалады ал.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 624

Окшош жаңылыктар