ЖАҢЫЛЫКТАР 10.04.19.

10-04-2019 08:38

Бүгүн, 10 – апрелдеги Жогорку Кеңеш жыйынында  Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан  “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да үчүнчү окууга киргизилмекчи.  “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда талкууланат.  

Ушул 2019 – жылдын 7 – февралында автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирмек. Өкмөттүн суранычы ошол мыйзам иштей берип, бирок айыптары ноябрь айынан тартып эсептеле баштасын, - деген жүйөө менен түшүндүрлүүдө, - дейт депутат Акылбек Жапаров тармактык комитеттин олтурумунда.

                       СНХ.А.ЖАПАРОВ

Союз мезгилинен калган жол жээктериндеги жалгыз аяк жол тилкелери негизинен граниттен салынган. Соңку жылдары алардын бары жокко чыгып, жаңыртылып жатат. Бирок, алмашылган жаңы жолдордун сапаты ашып кетсе 2 жылга жетип – жетпеши мүмкүн. Граниттердин ташылып кетишине долбоор түзүп жаткандар жол бербеши керек эле да? – деген депутат Алтынбек Жунус уулу болду.

                      СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Өткөн 2018 - жылы социалдык секторго болгон бюджеттик чыгымдар ИДПнын көлөмүнө 55,2 % болгон. Жашоого маанилүү болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси бекитилип, анда 409 дары түрлөрү камтылды. Дары каражаттарынын улуттук базасын түзүү иштери жүргүзүлдү, - дейт вице – премьер – министр А. Өмүрбекова.

                    СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Өмүрбек Бакиров жаш өспүрүмдөр арасындагы тарбиянын төмөндөп жаткандыгына токтолуп, буга миграцияга кеткен ата – энелердин балдары кабылып олтургандыгына кабатырланды.

                    СНХ.Ө.БАКИРОВ

Депутат Евгения Строкова билим берүү тармагына тиешелүү соцтармактардагы маалыматтарды ачып окуудан тартынаарын айтты. Анткени, андагы коррупциянын гүлдөп жаткандыгын көрүүгө болот, - дейт эл өкүлү. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин жеткиликтүү саясат алып бара албай жаткандыгын айтып, өлкөнүн негизги тармагы аксап жаткандыгын сынга алды.

                    СНХ. Е.СТРОКОВА

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ    

Бүгүн, 10 - апрелде ресупбликанын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 11…16, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 14…19, Ысык-Көл: 12…17, Нарын:10...15 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге жетет. Абанын температурасы 14…16 градус жылуу болот.                                             

Көрүүлөрдүн саны : 149

Окшош жаңылыктар